Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Салымды тескөө

САЛЫМДЫ ТЕСКӨӨ – жарандарга аманат ж. б. кредиттик мекемелердеги өз салымдарын тейлөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү укук институту. Салым ээси аманат салган өз акча каражатын тескөөгө укугу бар; жеке өзү же өкүлү аркылуу өз салымын толук же жарым-жартылай берүүнү талап кылууга акысы бар; салым ээлеринин тапшырмасы боюнча ал каражат банктын бир мекемесинен башкасына которулат. Салым ээси талап кылууга акылуу, ал эми кредиттик мекеме накталай эмес эсептешүү жөнүндөгү анын тапшырмасын аткарууга милдеттүү. КРде ал жарандык мыйзам ченемдери, ошондой эле кредиттик уюмдардын уставдары аркылуу жөнгө салынат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: